Жалал-Абад шаарында да мамлекеттик дарыкана ачылды
Жалал-Абад шаарында да мамлекеттик дарыкана ачылды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, аптека облустук клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан. Мында өтө зарыл деп эсептелген 800дөй дары-дармек бар. Алдыда дарылардын түрүн 2 миңге чейин көбөйтүү пландалууда. Бул дарыканадан препараттарды менчик аптекаларга салыштырмалуу 20%га чейин арзан сатып алса болот.… Кененирээк…