Кыргызстандыктар «Түндүк» тиркемеси аркылуу унаасын онлайн кайра каттай алат

Кыргызстандыктар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу эми унааны онлайн кайра каттай алат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, ал үчүн жаран аталган тиркемеге катталышы керек.

 

Эгер айыптар, туумдар, салыктар, транспорттук каражаттар боюнча чектөөлөр жок болсо машинени онлайн каттоо процесси жеңил болот.

 

Пилоттук долбоор азырынча бир жылга эсептелген.