Ысык-Көлдө эки тоок фабрикасын куруу иштери башталды

Ысык-Көлдө эки тоок фабрикасын куруу иштери башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Эки долбоорго кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 9,3 миллион доллар бөлгөн.

 

Долбоор ишке ашса, жылына 20 миң тонна тоок эти өндүрүлүп, кошумча 110 жумуш орду түзүлөт.

 

Ошондой эле “Евразия канаттуулар фабрикасы” менен келишим түзүлүп, 8 миллион доллар бөлүнөт. Мамлекеттик колдоо катары 49 жылга 64 гектар жер берилди.