Ош облусунун Кара-Суу районунда мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районунда мектептин курулушу аяктады.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, Керме-Тоо айылында жайгашкан Насыров атындагы мектеп 225 окуучуга чакталат.

 

Окуу корпусу балдарды кабыл алууга даяр. Ошондой эле мектепте спорт зал, өтмөк галерея, медициналык пункт, откана каралган. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.