Милиция жарандарды батир ижарасы боюнча жарыялардан этият болууга чакырат

Милиция жарандарды батир ижарасы боюнча жарыялардан этият болууга чакырат. Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, ижарага батир берем деп элди акчага алдап кеткен фактылар катталууда.

 

Шылуундар интернетке батирдин сүрөтүн жарыялап, ал үчүн онлайн акча которууну талап кылат. Батирди көрүп, ээси менен сүйлөшмөйүнчө каражат берүүдөн алыс болуу керек.

 

Алдамчылар бирөөнүн батирин кыска мөөнөткө алып, аны кайра бир нече адамга убадалап, алдын ала баарынан акча алып качып кетет. Буга байланыштуу батирдин кимге таандык экенин тактап алуу маанилүү жана ээси менен келишим түзүп алуу сунушталат.