Кыргызстандын бардык абоненттерине акылдуу эсептегичтер орнотулат

Бир жарым жылдын ичинде Кыргызстандын бардык абоненттерине акылдуу эсептегичтер орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, республикада миллиондон ашык керектөөчү бар. Алардын 300 миңи мындай аппараттар менен камсыздалган.

 

Эске салсак, акылдуу эсептегичтер жарыкты аралыктан эле өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эгер абонент карызын төлөсө, свет автоматтык түрдө туташтырылат.