Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын мүчөсү Гүлжигит Алыкулов улуттук команданын эң кымбат оюнчусу болду

Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын мүчөсү Гүлжигит Алыкулов улуттук команданын эң кымбат оюнчусу болду.

 

Transfermarkt порталындагы анын баасы кечээ 100 миң еврого көбөйүп, 550 миң еврону түздү.

 

Ошондой эле дагы бир футболчу Алимардон Шукуровдун трансфердик баасы 300 миңден 400 миң еврого кымбаттады. Белгилеп кетсек, экөө тең учурда Беларусиянын премьер-лигасында “Неман” клубунда ойнойт.