Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Кыргызгидрометтен эске салышкандай, эртеңден тарта 12-декабрга чейин өлкөнүн басымдуу аймактарында аба табы кескин сууктап, кар жаайт.

 

Аба-ырайынын мындай шарттары байланыш, транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.

 

Айдоочуларга сапарга чыгууда этият болуп, унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты сактап, дөңгөлөктөрүн сөзсүз түрдө кышкыга алмаштыруу сунушталат.