Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн улам 60 киши эвакуацияланды

Бишкектин А.Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, жерине жалпы үч күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылып, тилсиз жоо эртең мененки саат 08:09да толугу менен өчүрүлдү. Анын кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 55-110-чакырымдарында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, силкинүү түнкү саат 03:32де болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен.   Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылында 2,5 баллга чейин сезилген.   Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ош шаарында жаңы жылдык балаты кийинки жума орнотулат

Ош шаарында жаңы жылдык балатыны 22-декабрга чейин жандыруу пландалууда. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынан билдиришти.   Учурда жаңы жылдык символду орнотуу жана башка даярдык иштери жүрүп жатат.   Балатыны жасалгалоого үч миллион сомдон ашык жумшалган.

Кыргызстанда кышкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи болот

Эртең Кыргызстанда кышкы туристтик сезондун расмий ачылыш аземи болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара шаардагы муз тепкен аянтчалардын биринде уюштурулат.   Саамалык коньки тебүү, муз акробатикасы, хоккей чеберчилигин көрсөтүү, концерттик программа менен коштолуп, ар кандай байгелүү сынактар уюштурулат.

Сууктан улам Кыргызстандын мектептери онлайн окутууга өттү

Сууктан улам Кыргызстандын мектептери эки күн, бүгүн жана эртең онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, эгер калк жашаган аймакта абанын температурасы 25 градустан төмөн болсо, сабактар ​​аралыктан өткөрүлөт.   Кыргызгидрометтин болжолдоосуна ылайык, 13-14-декабрда абанын температурасынын кескин төмөндөшү… Кененирээк…

Кытай элчилиги ИИМге 6,5 млн сомдук техникалык жардам көрсөттү

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Ички иштер министрлигине 6 млн 509 миң 624 сомдук техникалык жардам көрсөттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.   Жардам кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелеринде натыйжалуу өз ара аракеттенүү, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруу максатында өткөрүп… Кененирээк…

Кадамжай районунун акими кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Шакиров Кутпидин Абдырахманович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Кыргыз спортчулары «Жылдын мыкты балбаны» наамы үчүн ат салышууда

Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясында «Жылдын мыкты балбаны» наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу UWW социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалды.   Талапкерлердин тизмесинде өз салмак категориялары боюнча 2023-жылдын чемпиондору көрсөтүлгөн.   Спортчуларды комментарий калтырып колдосо болот.

Чүй облусунда бир катар базарлардын ижара акысы арзандады

Чүй облусунда бир катар базарлардын ижара акысы арзандады. Бул тууралуу УКМК билдирди.   Белгиленгендей, базарлар ижаранын баасын 35 пайызга чейин төмөндөттү. Алардын арасында мал базар, кийим базар, кичи дүң базар, унаа тетиктерин саткан базарлар бар.   Чүй облусунда жалпы 38 базар иштейт, алардын көбү чакан… Кененирээк…