Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү макулдашууга кол коюлганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, каражат Бишкекте абанын булганышын алдын алуу, шаарды жашылдандыруу, жылытуу үчүн экологиялык чечимдерди кабыл алуу багытына жумшалат.

 

Белгилеп кетсек, Бишкек соңку жылдарда кыш түшкөн сайын дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башынан түшпөй келет.