Келерки жылдын 24-январынан тарта Пекин-Бишкек-Пекин багыты боюнча жаңы аба каттам ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кытайлык авиакомпания бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү аткарат.
Эске салсак, буга чейин Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз аба каттам ачылган.