Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 40 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 40 миллион доллар бөлөт. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, каражаттын бир бөлүгү насыяга, жарымы гранттык негизде берилет.

 

Долбоор базарларды жашылча-жемиш менен камсыздоону көбөйтүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу жана жумушчу орундарды түзүүгө багытталган.

 

Программа бир нече багытта иш алып барат. Негизинен соода-логистикалык борборлорду жана сактоочу жайларды өнүктүрүүнү колдоо үчүн банктык насыялоону көбөйтүү каралууда.