Чет элдиктерден Кыргызстандын бюджетине 200 млн сомдон ашык каражат түштү

Чет элдик жумушчулардын ишмердүүлүгүнөн Кыргызстандын бюджетине 200 миллион сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин миграция башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

 

Анын айтымында, алгач казынага 200 миллион түшөрү күтүлүп, бирок план ашыгы менен аткарылган.

 

Мамбетова ошондой эле быйылкы жылы 16 миң 610 адамдан турган чет элдиктер үчүн эмгек квотасы аныкталганын белгиледи. Бул квота 98,5 пайызга пайдаланылды.