Быйыл Кыргызстанда 11 бала бакча пайдаланууга берилди

Кыргызстанда 2023-жылы 11 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, быйыл жалпы 10 балдар бакчасынын курулушун жана 2 бала бакчанын оңдоп-түзөөсүн бүткөрүү пландалган.

 

«Бүгүнкү күнгө карата 11 бала бакча пайдаланууга берилди (9 курулуш, 2 оңдоп-түзөө), ал эми 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүү алдында турат», — деп айтылат маалыматта.

 

  • Чүй облусу боюнча 1;
  • Баткен облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 1 курулуш,1 оңдоп-түзөө;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 1 оңдоп-түзөө.