Кыргызстанда жыл башынан бери жалпысынан 20 миң 291,14 гектар трансформацияланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинен:
- калкту конуштарга 302,82 га;
- логистикалык борборлорго 14,37 га;
- дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерине 46,13 га;
- пляждык аймакка 14,8 га;
- застава 200,0 га;
- инвестициялык долбоорлорго 19437,0 га;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарына 124,0 га;
- өнөр жай объектилерине 152,02 га. которулду.