Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-январда убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган пункттар кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылга байланыштуу жабык болот.
Иш 2-январдан тарта калыбына келтирилет.