Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка бекиди

Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин 27-декабрдагы жыйынында жактырган.