Кыргызстанга сырттан дээрлик 655 млн доллар инвестиция келди

Быйылкы жылдын тогуз айында Кыргызстанга сырттан дээрлик 655 млн доллар түз инвестиция келди. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен маалым болду.

 

Маалыматка ылайык, инвесторлордун башында Кытай (157 млн доллардан ашык каражат менен) турат. Россия 132 млн доллардай салган болсо, Казакстандын инвестициясы дээрлик 55 млн долларды түздү.

 

Каражат негизинен тоо-кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай, соода жана байланыш тармактарына тартылган.