Аламүдүн базарынын сатуучулары нааразылык акциясына чыкты

Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте Аламүдүн базарынын сатуучулары да контролдук-кассалык машиналарга (ККМ) каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз маалымдады. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылып жатышат.   30-ноябрда Бишкектеги «Дордой» базарынын соодагерлери салыктын өзгөчө түрү боюнча нааразылык акциясына чыгышты. Алар сырттан товар менен ташыгандар менен жергиликтүү кийим… Кененирээк…

«Абдыш- Ата» АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыкты

Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн оюнда «Алтын-Асыр» командасын утуп алды. Муну менен «Абдыш-Ата» АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болуп калды.   30-ноябрда өткөн оюнда «Алтын-Асыр» командасы биринчи таймда эки гол киргизип алдыга чыккан. Оюндун экинчи бөлүгүндө «Абдыш-Ата» клубунун жарым… Кененирээк…

Кыргызстан менен Иордания дипломаттык жана кызматтык визаны жоет

Кыргызстан менен Иордания дипломаттык жана кызматтык визаны жоет. Тиешелүү макулдашууга Кувейттеги элчи Азамат Карагулов менен аталган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин дипломаттык жана эмигранттар иштери боюнча баш катчысы Мажид Салжи Аль-Катарна кол коюшту.   Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иордан мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Алсак, эки… Кененирээк…

Чүй облусунун туристтик жерлерине баруучу жолдорго белгилер орнотулду

Чүй облусунун туристтик жерлерине баруучу жолдорго белгилер орнотулду. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.   Алар Чоң-Кемин жаратылыш паркына жана Шабдан Баатырдын музейине, Көл-Көгүр көлүнө жана Жантай хандын эстелигине жана башка кызыктуу жерлерге багыт көрсөтөт.   Эске салсак, буга чейин мындай белгилер Нарын облусунда… Кененирээк…

Кадамжайда жаңы оорукана курулууда

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Бул жерге үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат.   Курулушка республикалык бюджеттен 58 млн сом каралган. Объект жакын арада пайдаланууга берилет.

Жалал-Абадда адамды жүзүнөн тааный турган камералар иштей баштады

Жалал-Абадда адамды жүзүнөн тааный турган камералар иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, ар кандай кылмыш-кырсыктардын алдын алуу максатында 48 камера орнотулуп, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 5,5 млн сом бөлүндү.   Акылдуу камералар калаанын эл көп жүргөн жерлерине, көчөлөрдүн… Кененирээк…

Бишкекте 2-3-декабрда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 2-3-декабрда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, иш-чара дем алыш сайын 31-декабрга чейин болот.   Жарманке ордо калаанын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин уланат.

Зордук-зомбулуктан жабыркагандар үчүн жардамдын көлөмү көбөйтүлдү

Кыргызстанда зордук-зомбулуктан жабыркагандар үчүн кризистик борборлорго жардамдын көлөмү 7 миллион сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.   Ал республикада 10 айда 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталса, анын ичинен 95%дан ашыгы аялдарга карата экенин белгиледи.   Өткөн жылдын ушул… Кененирээк…

Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин жоопкерчилиги күчөтүлдү

Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү документке Садыр Жапаров кол койду.   Мыйзам турак жай-курулуш кооперативдеринен үй сатып алууда адамдын укуктарын коргоого багытталган. Ага ылайык, кооперативдердин ишин Министрлер кабинети тескейт, кооперативдер өзгөчө кырдаалдар үчүн фонд түзүп, устав менен анын суммасын жана… Кененирээк…

Дубайда климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды

Дубайда климат боюнча дүйнөлүк саммит башталды. Форумга дүйнө лидерлери жана 200гө жакын мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Жалпысынан дээрлик 70 миң делегат бар.   Катышуучуларга климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн 12 күн берилет.   Саммит өлкөлөр климат боюнча пландарын амбициялуу иш-аракеттерге айландырган… Кененирээк…