Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн оюнда «Алтын-Асыр» командасын утуп алды. Муну менен «Абдыш-Ата» АФК Кубогунун плей-офф баскычына чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болуп калды.
30-ноябрда өткөн оюнда «Алтын-Асыр» командасы биринчи таймда эки гол киргизип алдыга чыккан. Оюндун экинчи бөлүгүндө «Абдыш-Ата» клубунун жарым коргоочусу Фархад Мусабеков эки гол киргизип эсепти теңесе, Эрнист Батырканов менен Эммануэль Ягр бирден гол киргизип, оюн 4:2 менен жыйынтыкталды.