Аламүдүн базарынын сатуучулары нааразылык акциясына чыкты

Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте Аламүдүн базарынын сатуучулары да контролдук-кассалык машиналарга (ККМ) каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз маалымдады. Соодагерлер патент системасын калтырууну талап кылып жатышат.

 

30-ноябрда Бишкектеги «Дордой» базарынын соодагерлери салыктын өзгөчө түрү боюнча нааразылык акциясына чыгышты. Алар сырттан товар менен ташыгандар менен жергиликтүү кийим өндүрүүчүлөргө карата бирдей шарттагы салык режими киргенине нааразы.

Мындан тышкары, кездеме саткан «Мадина» базарынын ишкерлери да иш таштады. Ошондой эле «Орто-Сай» базарында да соодагерлер иш таштай турганын билдирди. Алар «Дордой» жана «Кара-Суу» базарына өзүнчө мамиле жасалып жатканына нааразы болуп, патент менен иштөөнү улантууну талап кылышты.

Ушундай эле нааразылык акциясы 29-ноябрда Оштогу «Кара-Суу» базарынын соодагерлери тарабынан өткөн.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы «Дордой» базарында 30-ноябрда болгон нааразылык акциясынан кийин бир киши кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран «Дордой» базарынын аймагында өткөн митингде коомдук тартипти бузуп, бир адамдын денесине залал келтирген деген шек менен кармалды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду.