Зордук-зомбулуктан жабыркагандар үчүн жардамдын көлөмү көбөйтүлдү

Кыргызстанда зордук-зомбулуктан жабыркагандар үчүн кризистик борборлорго жардамдын көлөмү 7 миллион сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

 

Ал республикада 10 айда 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталса, анын ичинен 95%дан ашыгы аялдарга карата экенин белгиледи.

 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу зордук-зомбулуктун өсүшү 23,7%ды түздү.