Бишкекке алгачкы электробустар жайында келет

Бишкекке алгачкы электробустар жайында келет. Вице-мэр Максатбек Сазыкулов “Азаттыкка” билдиргендей, коомдук транспорттун бул түрүнөн жалпысынан 120 даана сатылып алынган.

 

Бул электр энергиясы менен жүргөн ыңгайлуу автобустар. Сапаты троллейбустардыкындай, бирок мобилдүү болот. Бир кубаттаганда 300 чакырымга жетет, — деп түшүндүрдү чиновник.