Чүйдүн Байтик айылына жакын жерде аэропорт курулушу мүмкүн

Чүйдүн Байтик айылына жакын жерде аэропорт курулушу мүмкүн. Министрлер кабинети аймакты изилдөөгө каражат бөлүүнү тапшырды.

 

Анын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринде тиешелүү аэронавигациялык, метеорологиялык жана башка керектүү изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ал эми “Манас” эл аралык аэропорту өз каражатынын эсебинен Байтикке жакын аймактын аэропорт курууга ылайыктуулугун аныктоо максатында деталдуу инженердик изилдөө иштерин жүргүзөт.