Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жок

Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, оорукага, медициналык жардамга кайрылгандар катталган эмес.

 

Эске салсак, түнкү саат 12ден 9 мүнөт өткөндө жер титирөө Кыргызстан, Казакстан жана Кытайда сезилди. Зилзаланын очогу Кытай менен биздин өлкөнүн чек арасына жакын аймакта жайгашып, күчү 7,1 баллга жетти.