Тармактык комитет «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери боюнча комитети 23-январдагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда талкуулап, колдоду.

 

Жыйында маалым болгондой министрлер кабинети, президенттин администрациясы «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун колдойт.

Жогорку Кеңеш былтыр 25-октябрда Надира Нарматова баштаган депутаттар тобу тарабынан иштеп чыккан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

 

Долбоорго 52 депутат «макул», жетөө «каршы» добуш берген. 13 депутат добуш берген эмес, 18 депутат жыйында болгон эмес.

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун Надира Нарматова демилгелеген. Мыйзам долбоорунун демилгечилери катары 32 депутат көрсөтүлгөн. Кийин демилгечи топтон бир катар депутаттар чыгып кеткен.

 

Бир катар юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

 

Былтыр 120 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды четке кагууга чакырышты. Алар өздөрүнүн кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашкан.