Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны азаюуда.
15-21-январь күндөрү өлкөнүн медициналык жайларына сасык тумоого чалдыгып 9 миң 295 адам кайрылды. Алардын 67 пайызы жаш балдар. Көрсөткүч мурдагы аптага салыштырмалуу 8 пайызга азайды.
Департаменттин маалымдашынча, бардык саламаттык сактоо мекемемелеринде беткап жана карантин режими сакталууда.
Кыргызстанда сасык тумоо ноябрь-декабрь айларынан бери күчөп, ооруканаларга кайрылган бейтаптардын саны өскөн. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында бейтаптардын агымын тескөө максатында 8 мобилдик госпитал орнотулганын кабарлаган.