Таттыбүбү Турсунбаеванын сахнадагы кийимдери Улуттук тарых музейине берилди

Советтик кино жана театр актрисасы, кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын сахнадагы кийимдери Улуттук тарых музейине берилди.

 

Музейден билдиришкендей, сахна ханышасы жана сулуулуктун эталону саналган актрисанын «Кызыл алмада» бейтааныш сулуунун ролунда оронгон элечеги, «Уркуя» фильминде салынган бѳртмѳ жоолугу, спектаклде сценада кийилген чыптамалары, булгаары ѳтүгү жана сүрѳттѳрү чогултулду.

 

Таттыбүбү Турсунбаеванын театр жана тасмада кийген кийимдери коомго эми ырааттуу тааныштырылат.