Бишкек ЖЭБдеги авариянын кесепетинен беш адам ооруканага жаткырылды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен беш адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Тез жардам борборунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, төртөө ар кандай деңгээлдеги күйүк менен ооруканага жаткырылса, бирөө күйүүчү заттардан ууланып бейтапканага түшкөн.

 

Буга чейин бүгүн таңында ЖЭБде авария болгону кабарланган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз.