Бишкек мэриясы жылуулук пунктарын ачууга даяр

Бишкек мэриясы жылуулук пунктарын ачууга даяр. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди.   Анын айтымында, эгер зарылчылык жаралса, жарандар жылына турган жерлер тез арада ишке кирет. Азыр андай муктаждык жок.

Ордо калаанын бир нече району жылуулуксуз калды

Ордо калаанын бир нече району жылуулуксуз калды. Бишкек жылуулук тармагынын жетекчи орун басары Шаршенбек Сарыкеев билдиргендей, бүгүнкү күндө кээ бир түштүк кичи райондордо, ошондой эле Улан жана Көк-Жар кичи райондорунда жылуулуктун төмөн параметрлери менен камсыздоо байкалууда.   Ысык суу бардык абоненттер үчүн токтотулду. Социалдык мааниге… Кененирээк…

Бишкектин жылуулук системасы жакынкы күндөрү калыбына келтирилет

Бишкектин жылуулук системасы жакынкы күндөрү калыбына келтирилет. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.   Анын айтымында, учурда кырсыктын себептери такталууда, ыкчам штаб түзүлдү.   Эске салсак, бүгүн таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Анын кесепетинен беш кызматкер жаракат алып, ооруканага… Кененирээк…

Улуттук банк телефон шылуундарынан сак болууга чакырат

Улуттук банк телефон шылуундарынан сак болууга чакырат. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, өзүн банк кызматкери катары тааныштырып жарандарга телефон чалып, ар кандай шылтоолор менен жеке маалыматтарды, картанын реквизиттерин берүүнү суранган фактылар бар.   Улуттук банк мындай маалыматты эч качан телефон аркылуу сурабай турганын, жарандарга эсеп… Кененирээк…

Быйыл Катардан Кыргызстанга авиакаттамдар ачылат деп күтүлүүдө

Быйыл Катардан Кыргызстанга авиакаттамдар ачылат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди.   Анын айтымында, Дохадан Бишкекке самолеттор ​​июнь айында уча башташы мүмкүн.   Ошондой эле Люксембург, Венгрия, Латвия жана Кипр менен жаңы каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан чыккан өрт таңкы саат 5те өчүрүлгөн

Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан чыккан өрт таңкы саат 5те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кырдаалды жөнгө салууга 6 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылган.

Бишкекке ысык суу берүүдө чектөө киргизилди

Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Ал эми керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилди, — деп айтылат маалыматта.

ЖЭБдеги авариядан жабыркаган беш адамдын экөө оор абалда

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркаган беш адамдын экөө оор абалда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, учурда алар ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат. Дагы бирөө күйүк бөлүмүндө, эки жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.   Эске салсак, бүгүн таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде авария болгон.… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте пландалган операцияларды токтотту

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте пландалган операцияларды токтотту. Бул тууралуу 24.kgге министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Чиновниктин айтымында, ал Тез жардам ооруканасындагы абал менен кабардар.   Ал жерде жылуулук бар, ооруканага шашылыш жардам керек болгон бейтаптар гана кабыл алынат, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча ыкчам штаб түзүлдү

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Учурда ЖЭБдин кызматкерлери абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.   Маалыматка ылайык, ЖЭБде авария бүгүн таңкы саат 3төр чамасында болгон.… Кененирээк…