Бишкекте дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында жана Темир жол ооруканасында жайгашкан.
Дарыканаларда 1 миң 500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке аптекаларга караганда 10-15%га арзан сатып алса болот.
Белгилеп кетсек, ушуну менен Бишкекте 11 мамлекеттик дарыкана, ал эми республика боюнча 61 аптека иштеп жатат.