ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе мадриддик “Реал” менен 5 жылдык келишимге кол койду. Франция курамасынын башкы жылдызынын Пари Сен Жермен менен кызматташуусу келе жаткан жайда аяктайт.
Жаңы келишимге ылайык, Мбаппе 1-июлдан тарта жаңы команданын курамына кирет.
Белгилеп кетсек, Килиан Мбаппе ПСЖ үчүн 2018-жылдан бери ойноп келет. Бул аралыкта ал 290 беттеш өткөрүп, 243 гол жана 105 жыйынтыктуу пас менен өзгөчөлөндү.