Түркия визасыз режим менен өлкөгө киргендерге, анын ичинде кыргызстандыктарга дагы мыйзамды өзгөртүүдө

Түркия визасыз режим менен өлкөгө киргендерге, анын ичинде кыргызстандыктарга дагы мыйзамды өзгөртүүдө. Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаевдин айтымында, мурда 90 күндөн кийин иш таап, ошол жерден билим берүү, иш же медицина визасы деп узартканга мүмкүн болчу.

 

Эми андай мүмкүнчүлүк болбойт. Туристтик виза бүтөрү менен, тагыраагы, 90 күндөн кийин чыгып кетүү керек.

 

Андан соң Түркиядагы компания ишке чакырса, Кыргызстандагы элчиликтен иштөө визасын алса болот.