Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында мыйзамсыз коюлган объектилер алынууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Бул иштер жарнактарды, убактылуу жеңил объекттерди иретке келтирүү (инвентаризациялоо) иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө.