Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктайт.

 

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, абитуриенттер 4-апрелге чейин окуган жеринде, ал эми мурунку жылдардагы бүтүрүүчүлөр жашаган жери боюнча райондук же шаардык билим берүү бөлүмүндө каттоодон өтүшү керек.

 

Негизги жана ар бир предметтик тест үчүн төлөм 470 сомду түзөт. Сынактын өзү 17-майдан 24-майга чейин өтөт.