Президент башкы прокурор Зулушев менен министр Тургунбаевге сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.   Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдоп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Лицензиялоо… Кененирээк…

Эртеңден тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

Эртеңден тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, 5 миңден ашык тиричилик абонентинин карызы бар.   Ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн электр энергиясына төлөмдөрдү өз убагында төлөө сунушталат.

Жалал-Абаддын Аксы районунда да сел жүрдү

Кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жалал-Абаддын Аксы районунда да сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Кош-Дөбө айыл аймагынын Атана айылында 11 үйдүн чарбагын суу каптады.   Мындан тышкары Аксыдагы айрым айылдарда унаалардын каттоосуна кыйынчылык жаралган.   20-апрелде башталган нөшөрлүү жаандан улам Ош облусунун Алай,… Кененирээк…

Президент мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. 24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү… Кененирээк…

Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда бала бакчанын темир-бетон каркастарын куруу иштери жана чатырын жабуу аяктап, кирпич коюу иштери жүрүп жатат.   Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1413,01 чарчы метрди, ал эми жердин аянты —… Кененирээк…

Бишкекте бир жылдык гүлдөр отургузула баштады

Бишкекте бир жылдык гүлдөр отургузула баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Белгиленгендей, быйыл 1 млн 400 миң бир жылдык гүлдөрдүн ачык түстөрү ордо калаанын бардык аймактарында гүл ачат.   Алар жоогазындардын ордуна тигилет.

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык… Кененирээк…

Бүгүн Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Курманбек Баатыр жана Чынгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишине газ кудугун орнотуу боюнча пландуу жумуштар жүрөт. Мындан улам, 24-апрелде эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин шаарда көгүлтүр от жок болот.   Абоненттерге энергиянын альтернативдүү булактарын… Кененирээк…

Мас абалында руль башкарган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады

Кыргызстанда мас абалында рулга отурган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинен маалым болду. Ага ылайык, өткөн жылдын март айынан бери 10 миң 163 айдоочу ичимдик ичип унаа башкарганы үчүн бир жыл бою рулга отуруу укугунан ажыратылган.   Эске салсак, өлкөдө… Кененирээк…

БШК Жусупбек Коргонбай уулун депутаттык мандаттан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы өзү жазган арыздын негизинде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.   Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын 23-апрелде Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоп, анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.   Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат шайлоо… Кененирээк…