2100-жылга чейин Кыргызстан калкынын саны 71 пайызга өсүшү күтүлөт

2100-жылга чейин Кыргызстан калкынын саны 71 пайызга өсүшү күтүлөт.

 

Мындай божомолду Бириккен улуттар уюмунун аналитиктери дүнө өлкөлөрүнүн калкынын өзгөрүүсүнө байланыштуу докладында келтиришти.

 

Мурдагы советтер өлкөлөрү арасында эң чоң өсүш Тажикстанда күтүлүүдө, коңшу өлкөнүн калкы кийинки 77 жылда 172 пайызга көбөйөт. Эске салсак, Улуттук статистика комитетинин жыл башында берген маалыматына ылайык, Кыргызстан калкынын саны 7 миллионго чукулдайт.