№47 колониянын жеринде курулуп жаткан үйлөрдүн алгачкысы сентябрда пайдаланууга берилет

Бишкектеги №47 колониянын жеринде курулуп жаткан алгачкы 11 көп кабаттуу үй сентябрь айында пайдаланууга берилет. Ал 986 батирлүү 18 кабаттуу турак жай болот.

 

Бөлүнгөн жерге жалпысынан 39 көп кабаттуу үй курулуп, алар жарандарга мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында жеңилдетилген шартта тапшырылат.