Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы унаа жолдору кыймылга ачык, эч кандай чектөөлөр жок. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, трассалар дайыма кардан тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө.

 

Бирок ашуулар аркылуу жолго чыккандар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, атайын техниканын ишине тоскоолдук кылбашы керек.