73 жаштагы америкалык аял Мексикадан Канаданын чек арасына чейинки аралыкты велосипед менен айланып өттү

73 жаштагы америкалык аял Мексиканын чек арасынан Канаданын чек арасына чейинки аралыкты велосипед менен айланып өттү.

Гиннестин рекорддор китебине ылайык, бул жолго алты жумадан ашык убакыт кеткен.

Пенсионер Тынч океандын жээгин бойлой жүрүп отурган.

Ал 43 күндө 3 миң 353 километрди басып өттү.

Аял ошондой эле GPS треги аркылуу тынчтыктын символун тарткан.

Сапардын жыйынтыгы боюнча ал өлкөнү велосипед менен кесип өткөн эң улгайган аял наамын алды.