Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилди

Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берилди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине өзгөчө статус берилди.

Жарлыкта айтылгандай, өзгөчө макам аталган окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономия берүүнү көздөйт.