Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирде 11 медалга ээ болушту.
Спортчулар Балбай Дордоков, Султанбек Абдуллаев, Кайрат Түгөлбаев,
Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков жана Мурат Рамонов мелдеште
биринчиликке жетип, 6 алтын медал тагынышты. Мындан тышкары
башка спортчуларда 3 күмүш жана 2 коло байге бар.
Мелдеш Россиянын Новокузнецк шаарында 15-февралда жыйынтыкталды.