Грек-рим күрөшү боюнча курама Дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына даярдык көрүүдө. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, окуу-машыгуу 23-августка чейин Россиянын Владикавказ шаарында өтөт.

 

Курама командада Акжол Махмудов, Амантур Исмаилов, Атабек Азисбеков, Азат Самидинов, Бексултан Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Раззак Бейшекеев, Роман Ким жана Үзүр Жусупбеков бар.