Кыргызстанда аскерге чакырылгандар коронавируска текшерилет.
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей,
аларды 12-майдан тартып аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү иштери башталды.
Алар аскердик кызматын өтөө жерине баргандан кийин 14 күндүк карантинге алынат.
Ант берүү салтанатына дагы аскерге чакырылгандардын туугандары катышпайт.