Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими качан алынары белгисиз

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими качан алынары белгисиз.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык абалдын туруктуулугу жана ооругандар азайса гана

өзгөчө кырдаал режими жумшартылып же алынат. Кошумчаласак, өлкөдө коронавирус

жуктургандардын саны акырындап азаюуда. Акыркы суткада вируска 7 адам кабылды.

Жалпысынан 1 миң 44 бейтаптан КОВИД-19 аныкталды.