Кыргызстанда кычкылтек концентраторлору боюнча маселе чечилди.
Буга премьер-министр Кубатбек Боронов ишендирүүдө. Анын айтымында,
өкмөт тарабынан 1,5 миң кычкылтек концентраторлору сатылып алынды.
Анын 1 миң 300ү толук кандуу иштеп жатат, калган 200ү эртең жеткирилет.
Боронов кошумчалагандай, учурда өлкө боюнча 3 миңден ашык дем алдыруучу
аппарат бар. Жакында дагы аталган жабдуулар өлкөгө келиши күтүлүүдө.