Шайлоо тилкелерине добуш берүүчүлөрдүн текшерүү тизмеси илинди.
БШКдан билдиришкендей, тизмеде жалпысынан 3 миллион 308 миң 813 жаран бар.
Аларда бир гана жергиликтүү тургундар жайгашты. Жарандар өздөрүнүн маалыматын текшерип,
ката болсо аларга өзгөртүүлөрдү 27-мартка чейин киргизсе болот. Эске салсак, 448 жергиликтүү
кеңешти шайлоо 11-апрелде өтөт. Бул күнү өлкө боюнча 2 миң 273 добуш берүү тилкеси иштейт.