Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск бир суткада 6 миллиард долларга байыды.
Бул тууралуу Forbes Real-Time рейтингинде көрсөтүлдү. Кирешенин көбөйүшү электромобиль чыгарган
компаниянын акцияларынын наркы жогорулаганына байланыштуу. Ушуну менен Масктын байлыгы
169 миллиард 800 миллион долларды түздү. Ал Forbes рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын
2-сабында турат. Биринчи орунда Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос
188 миллиард 600 миллион доллар капиталы менен жайгашат