Ысык-Көл районунун Бает айылында жаӊы бала бакча ачылды.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси
100 орунга ылайыкташып, бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалып, заманбап стилде салынды.
Курулуш иштери Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөр
тарабынан каржыланды. Жумуштарга 25,5 миллион сом багытталды.