Евробиримдик саякаттоону жандандыруу үчүн жашыл сертификаттарды иштеп чыгат.
Бул документ пандемия маалында вакцина алган, тест жыйынтыгы терс чыккан же
вирустан айыккан жарандарга эркин саякаттоого мүмкүндүк берет, — деп билдирет
Reuters агенттиги. Сертификатты Евробиримдик жарандары жана мыйзамдын негизинде
биримдиктин аймагында жашаган үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары колдоно алышат.
Күтүлгөндөй, жашыл сертификат быйыл жайга чейин жүгүртүүгө чыгарылат.